13-ноябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын
№16/7 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы эски мечиттин имаратын башка багытта пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
2025-жылдын 13-ноябрындагы Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылынын айыл башчысы М. Нуркалиевдин кайрылуу катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылына 2024-2025-жылдары демөөрчүлөр (арабтар) тарабынан жаңы мечиттин салынуусуна байланыштуу, Ч. Алымбаев көчөсүндөгү эски мечит имараты намаз окуу жана диний иш-чаралар үчүн мурдагыдай зарыл болбой калгандыгы эске алынып, Алыш айылындагы эски мечит имаратын башка багытта пайдаланууга макулдук берилсин.
- Имаратты төмөнкү багыттардын биринде же бир нечесинде пайдалануу сунушталсын (айылдын муктаждыгына жараша).
- Коомдук жай/ жамааттык жыйындар өтүүчү орун;
- Айылдык китепкана же маданий борбор;
- Жаштар жана балдар үчүн ийримдер, окуу борбору;
- Айылдык социалдык тейлөө бөлмөсү;
- Жамааттык жана жеке ишмердүүлүккө.
- Тиешелүү документтери менен иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Сапарбек уулуна жана Алыш айылынын айыл башчысы М. Нуркалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

