13-ноябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын
№16/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясынын №13/2 Токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясынын №13/2 Токтомуна толуктоо киргизүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясынын №13/2 Токтому менен бекитилген токтомуна Дөбөлү айыл аймагынын элинин ооз эки кайрылуусунун негизинде жаңы келген Экскаватор техникасынын элге кызмат көрсөтүү тарифине төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин.
- Дөбөлү айыл аймагына экскаватор менен элге кызмат көрсөтүүсү 1 рейске инерттик материал жүктөп берүүгө 500 (беш жүз) сом;
- Күнүмдүк жумуш обьемго жараша келишим менен септик казуу 1 метр жерге 1000 (бир миң) сом, короо жай ж.б бузуу келишимдин негизинде, чоң там бузуу 15 000 (он беш миң) сом;
- Таза суу системасын казып, кайра көмүп берүүгө 1 метр жерге 350 (үч жүз элүү) сом, күйүүчү майы ичинде деген сөздөргө толуктоо киргизилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

