13-ноябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын
№16/5 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын бала бакчаларынын тамак-аш азыктарына кошумча план алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 билим берүү жөнүндө мыйзамыныны 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кайрылуусун карап жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын “Бала-Нур”, “Небере”, “Кайыңды келечек”, “Э.Сопуев”, “Эки-Нарын” бала бакчаларына 188,4 миң сом кошумча план Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгынан суралсын.
- Орук-Там бала бакчасынын тамак-аш азыктарына планынан 7,5 мин сом, Аруу-Тилек бала бакчасынан 3,3 миң сом жалпы 10,8 мин сом Бала-Нур бала-бакчасына жылдырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тапшырылсын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев

