Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын бала бакчаларынын тамак-аш азыктарына атайын каражатынан акча каражатын кароо жөнүндөгү №16/6 токтому

13-ноябрь  2025-жыл                                                                                                                        Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз  16-сессиясынын

    №16/6 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын бала бакчаларынын тамак-аш азыктарына атайын каражатынан акча каражатын кароо жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 билим берүү жөнүндө мыйзамыныны 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кошумча тайпалар ачылгандыгына байланыштуу тамак аш алуу үчүн 22181100 беренесине бала бакчалардын атайын каражатынан акча каражатын бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Бала-Нур, Небере, Кайыңды келечек, Э.Сопуев, Эки-Нарын бала бакчаларына алынган 188,4 миң сом кошумча план төмөндөгүдөй муктаждыктарга жумшалсын.
Мазмуну Сумма
1 Бала-Нур бала бакчасы 41,3
2 Небере келечеги бала бакчасына 90,1
3 Кайыңды келечек бала бакчасына 1,1
4 Э. Сопуев бала бакчасына 44,2
5 Эки-Нарын бала бакчасына 11,7
6 Баары 188,4

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Дөбөлү айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тапшырылсын.
  2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                                                                                     Б.Шералиев

 

Жооп калтыруу