14-октябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясынын №15/2 Токтому
2024-жылдын 28-августундагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын №24/3 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
2024-жылдын 28-августундагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын №24/3 токтомуна толуктоо киргизүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын “Сейил-Булак” участкасына суу сактоочу мунара курууга жер бөлүп берүү жөнүндө токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
- Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын “Сейил-Булак” участкасындагы суу сактоочу мунарадан Нарын шаарына караштуу “Сейил-Булак” чөлкөмүнүн жашоочуларына таза суу системасын тартууга макулдук берилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына 2022-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №713 токтомунун төлөмдөрү менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын
Төрага Б. Шералиев

