8-сентябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясынын
№14/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин эмеректерин жаңыртуу долбоорун кароо жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Дөбөлү айыл аймагынын Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин эмеректерин жаңыртуу долбоору жактырылсын.
- Долбоорду каржылоого Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн өнүктүрүү фондунан 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты суралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

