Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндөгү №14/1 токтому

8-сентябрь  2025-жыл                                                                                                             Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезексиз   14-сессиясынын

№14/1 Токтому

 

Дөбөлү айыл аймагында  калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын  2025-жылдын 02-сентябрындагы №01-17/3832 катын карап жана талкуулап, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын жана ирээтке келтирүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн көзөмөлдөөчү комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://dobolu.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы                           К. Кудайбергеновго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                  Б. Шералиев

 

Жооп калтыруу