8-сентябрь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясынын
№14/4 Токтому
Дөбөлү айыл аймагында 2025-жылы дан катары себилген 430 га арпанын 250 га жер аянты чөпкө тоют катары чабылгандыгы жөнүндө
2025-жылы жаз айлары суук жана жаанчыл болгондугунан бышпай калуу коркунучунан жана малга тоютту жетиштүү жыйнап алуу максатында жергиликтүү дыйкандар дан эгиндерин чөпкө тоют катары чабышкандыгына байланыштуу Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагында быйыл 2025-жылы жазгы айдап себүүдө 430 га дан эгиндеринен жалпы 250 га арпа жер аянты, быйыл 2025-жылы аба ырайы кеч жылып, жаанчыл болгондуктан дан эгиндин бышпай калуу коркунучунан улам дыйкандар дан эгиндеринин бышпай калуусунан кооптонуп тоюттун аздыгына байланыштуу чөпкө тоют катары чабышкан. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 2025-жылдын 2-сентябрындагы түзүлгөн актысы бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев

