2025-жылдын 26-февралындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндөгү №5/1 токтому;

26-февраль  2025-жыл                                                                                                                             Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIX-чакырылышынын кезексиз  5-сессиясынын

    №5/1   Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

 

 

Нарын райондук аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-22 беренелерине ылайык, Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагындагы №4028, №4029, №4164, №4030, №4031, №4032 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып,  Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагындагы №4028, №4029, №4164, №4030, №4031, №4032 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин жаӊыртып түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан келип түшкөн сунуштарга ылайык, тизмедеги жарандар №4028, №4029, №4164, №4030, №4031, №4032  участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын. (курамы тиркелет)

 

  1. Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Нарын райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы                                К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                               Б. Шералиев

 

 

Жооп калтыруу