9-февраль 2023 – жыл Таш-Башат айылы
Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI- чакырылыштагы
кезектүү 26 – сессиясынын
№ 3 Т О К Т О М У
Орток аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынын көлөмү 1294672 сомго бекитилсин.
- Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттары 1294672 сом. Эки-Нарын айылынын фудбол аянтчасына өздүк салым үчүн 200,0 миң сом, “Оорук-Там Келечеги” бала бакчага өздүк салым үчүн 100,0 сом төмөндөгүдөй статьяларга, жумшалсын.
№ | Статья | Мазмуну | сумма |
1 | 3111 | Курулмаларды капиталдык оңдоо | 300,0 |
Баары | 300,0 |
- Акча каражаттарын которуп берүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э.Айсаевага тапшырылсын.
- Токтомду Ortok. naryn–region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.
Төрага К.Субанбеков