6-март 2023-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын
25/3 Токтому
Дөбөлу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген бюджеттик каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Бектемировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.2023-жылдын бюджетинде пландан сырткары кошумча жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн (аңчылык чарбасынан) түшкөн 691,2 миң сомго (төлөм коду 14152900) кошумча планды бекитип берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууДөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектемировго милдеттендирилсин.
- Тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага С. Кадырбеков