6-март 2023-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын
25/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин жыл башында калган бюджеттик каражатын пайдалануу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жыл башында калган бюджеттик каражатын пайдалануу боюнча А.Бектемировдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинде жыл башына калган каражаттын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгү 1618,1 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2.Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.
-“Жаратылышты өнуктүрүү фонду” аркылуу Дөбөлү айыл аймагында мусордук
полигондордун тегерегин тосууга каржыланып жаткан проектке өздүк салым катары
500,0 миң сом;
– .”Дөбөлү айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга стратегиялык өнүктүрүү планынын” негизинде Дөбөлү айыл аймагында сугат каналдарын ремонттоого 100,0 миң сом;
-.”Дөбөлү айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга стратегиялык өнүктүрүү планынын” негизинде “Коопсуз айыл” программаеын ишке ашыруунун алкагында Дөбөлү айыл аймагынын кире беришине видеокөзөмөл орнотууга 100,0 миң сом;
-“Жашыл долбоор” программасынын негизинде Нарын токой чарбасы аркылуу берилген
көчөттөрдүн жалпы баасынын 50% тин келишим боюнча төлөп берүү үчүн 26,0 миң сом;
– Республикадан бөлүнгөн капиталдык салымдар аркылуу бүткөрүлүп жаткан Токтосунов атындагы орто мектептин капиталдык ремонтуна кошумча акча каражаты бөлүнүп жаткандыгына байланыштуу ПСД сын жаңыртып түзүүгө 150,0 миң сом;
– Токтосунов атындагы орто мектептин имаратынын электр жабдууларын капиталдык ремонттон өткөрүүгө дем берүүчү (үлүштүк) гранттын өздүк салымы үчүн 702,1 миң сом;
– Токтосунов атындагы жаиа Алыш орто мектептеринин көмүр каналарын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн резервдик фонддон бөлүнүүчү акча каражатына өздүк салым үчун 40,0 мин сом. Бардыгы 1618,1 миң сом
- Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага С. Кадырбеков