5-октябрь 2023-жыл Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын 6-кезексиз сессиясынын №6/1 ТОКТОМУ Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө

5-октябрь 2023-жыл                                                                                                                        Дѳбѳлү  айылы                                                                     

 

Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII -чакырылышынын  6-кезексиз сессиясынын

№6/1 ТОКТОМУ

 

Дѳбѳлү  айыл аймагынын айылдык кеңешинин Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө

 

                     Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын  29-августундагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215 Жарлыгына ылайык,  Дѳбѳлү  айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү максатында, Дѳбѳлү айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын 6-кезексиз сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
  2. Дѳбѳлү айыл аймагынын калкынын саны 5875 болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктардын катышуучу өкүлдөрдүн жалпы саны 50 деп бекитилсин.
  3. Дѳбѳлү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча Регламенти бекитилсин.     ( 1-тиркеме).
  4. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу тобунун курамы бекитилсин ( 2-тиркеме).
  5. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү  боюнча Дѳбѳлү  айыл аймагында Кеўеш, Алыш, Дѳбѳлү, Кайыўды, Таш-Башат, Эки-Нарын жана Тамды-Суу айылдарына калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын (3-тиркеме).
  6. Дѳбѳлү айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү 2023-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин белгиленсин. (4-тиркеме).
  7. Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча Дѳбѳлү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү 2023-жылдын 18-ноябры деп белгиленсин. (5-тиркеме).
  8. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларына жана жумушчу топко жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы  милдеттендирилсин.
  9. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы Ж.Касымова милдеттендирилсин.
  10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                  К. Субанбеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык

кеңешинин   XXVIII-  чакырылышынын                                                                                                                                                                                                                 6- кезексиз сессиясынын 2023-жылдын

5-октябрындагы №6/1 токтомунун

1-тиркемеси

 

 

 

Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү  

       коомдоштуктардын  өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча

 

РЕГЛАМЕНТ

 

 

I . Жалпы ЖОБО

II . Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу

III.   Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды

өткөрүү тартиби

IV . Эсептөө комиссиясын түзүү жана анын иштөө тартиби

V . Элдик Курултайга делегат  шайлоо

 

 

                I .Жалпы ЖОБО

 

Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7- беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын  29-августундагы  «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215  Жарлыгына  ылайык Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана  анын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.

Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана  өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.

 

        

  1. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды     уюштуруу

 

2.1. Дєбєлї айылдык кеңеш кезексиз сессиянын чечими менен жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштурат.

2.2. Дєбєлї айыл аймагынын  жергиликтүү коомдоштуктардын    өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү,  Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын  29-августундагы  «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215  Жарлыгы менен бекитилген “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттардына  шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүдө» убактылуу жобого ылайык кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасынын негизинде жүргүзүлөт.

2.3 Дєбєлї айыл аймагынын  жергиликтүү коомдоштуктардын    өкүлчүлүктүү жыйындары өз    компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.

2.4. Дєбєлї айыл аймагынын  жергиликтүү коомдоштуктардын    өкүлчүлүктүү жыйындары  ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар жергиликтүү коомдоштуктардын    өкүлчүлүктүү жыйындары ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.

2.5. Дєбєлї айыл аймагынын  жергиликтүү коомдоштуктардын    өкүлчүлүктүү жыйындары  датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес кабарланат.

2.6 Дєбєлї айыл аймагынын  жергиликтүү коомдоштуктардын    өкүлчүлүктүү жыйындарын  өткөрүүнү уюштуруу, материалдык-техникалык камсыздоо(орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу)  жана маалымдоо иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө жүктөлөт.

2.7. Дєбєлї айыл аймагынын  жергиликтүү коомдоштуктардын    өкүлчүлүктүү жыйындарын  өткөрүүнү уюштуруу үчүн жумушчу топ түзүлөт.

2.8. Жумушчу топтун курамына айылдык кеңештин депутаттары, калктын демилгечи топторунун, жарандык коомдун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана башкалар кирет.

2.9. Жумушчу топ беш адамдан кем эмес курамда түзүлөт.

2.10. Жумушчу топтун курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчилери кире албайт.

2.11. Жумушчу топко жергиликтүү кеңештин төрагасы (төрага жок учурда – төраганын орун басары) башчылык кылат, катчынын функцияларын жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы аткарат. Айылдык  кеңеште жооптуу катчынын кызмат орду жок болгон учурда жумушчу топтун катчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн кызматкерине жүктөлөт.

2.12. Жумушчу топ:

– өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүнү координациялайт;

– жыйындардын жана жыйналыштардын протоколдорун түзөт.

– өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү тартибинин долбоорун иштеп чыгат жана жыйналыштын күн тартибин даярдайт;

– өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүлүүчү күнү катышуучуларды каттоону жүргүзөт;

– өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат берет;

– өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын жана Элдик Курултайдын делегатын шайланган курамында бекитилген квотага ылайык тармактык өкүлчүлүк принцибин сактоону камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрөт;

– уюштуруу маселелери боюнча башка зарыл чараларды көрөт.

2.13. Жумушчу топ жыйналыштардын/жыйындардын протоколдорунун негизинде өкүлчүлүктүү жыйындын шайланган катышуучуларынын ыйгарым укуктарынын аныктыгын ырастайт, алардын тизмесин түзөт жана аталган документтерди айылдык  кеңешке берет.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтер жумушчу топтун бардык мүчөлөрүнүн колу менен күбөлөндүрүлөт жана 3 жыл бою жергиликтүү кеңештерде сакталып, андан кийин жергиликтүү архивдерге өткөрүлөт.

 

 

 

 

   III.  Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды    өткөрүүнүн тартиби

 

3.1. Айылдык  кеңеш кезексиз сессиянын чечими менен Уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакырат.

3.2. Айылдык  кеңештин  кезексиз сесссиясынын чечиминде төмөнкүлөр чагылдырылат:

Уюштуруу комитети бекиткен (2001ден 5000ге чейин-40; 5001ден 10000чйин -50; 10001ден 20000ге чейин-100)жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүк ченемине ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны;

– жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча Дєбєлї  айыл аймакты бөлүктөргө бөлүү ченемдери (айыл, кварталдарга, көчөлөргө, чарбаларга, үй чарбаларына ж.б.);

– календардык план менен аныкталуучу мөөнөттөргө ылайык жарандардын жыйналыштарын жана жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын саны;

– өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттарынын тизмеси;

– өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – жумушчу топ) курамы.

3.3. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышууга талапкерлерди көрсөтүү укугуна бул жыйналыштарга/жыйындарга катышкан жергиликтүү коомдоштуктун бардык мүчөлөрү ээ.

3.4. Жыйынга тиешелүү аймакта төрөлүп өскөн, бирок башка административдик-аймактык бирдикте жашаган жарандар катыша алат.

3.5. Катышуу үчүн көрсөтүлгөн талапкерлердин саны чектелбейт, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү кеңеш аныктаган сандагы (сандык ченемге ылайык) өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучулары шайланат.

3.6. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындары жана жыйналыштары айылдык кеңеш тарабынан бекитилген график боюнча өткөрүлөт.

3.7. Катышуучуларды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга айылдардагы жыйын/жыйналыш өткөрүлүп жаткан бөлүгүнө жооптуу болуп бекитилген айылдык кеңештин депутаты алып барат.

3.8. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды тиешелүү аймактын этностук өзгөчөлүгүн эске алуу, гендердик балансты сактоо, ошондой эле тармактык, курактык таандыктыгы боюнча өкүлчүлүк принциби менен шайлоо сунушталат.

3.9. Жыйналыштарда/жыйындарда катышуучулардын ачык добуш берүүсү менен көпчүлүк добушка ээ болгон талапкерлер өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучусу болуп шайланат.

 

  1. I Эсептөө комиссиясын түзүү жана анын иштөө тартиби

 

4.1. Ачык добуш берүү-ар өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын жооптун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.

4.2 Ачык добуш берүүнү  өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын ачык добуш берүү менен эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлашат, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны так сандардан турат.

4.3. Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол _______өкүлчүлуктүү жыйынга катышуучулардын   жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

4.4. Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жүргүзүлөт.

4.5. Добуштар саналгандан кийин төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.

4.6. Добуш берүүдө жол-жоболук ката кетирилген учурда (же төрагалык кылуучунун катасы) Дєбєлї айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын  кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

4.7. Ачык добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана Дєбєлї айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындын  эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.

4.8. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде өкүлчүлүктүү жыйындын  төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат.

4.9. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол Дєбєлї  айыл аймактын  өкүлчүлүктүү жыйындын токтому менен бекитилет.

 

 

  1. Элдик Курултайга делегат шайлоо

 

5.1. Элдик Курултайдын делегатын шайлоодо региондун жана тиешелүү аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тармактык өкүлчүлүк принциптери жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны аркылуу жүзөгө ашырылат.

5.2. Өкүлчүлүктүү жыйынга шайланган катышуучуларды Дєбєлї айылдык Кеңештин тєрагасы, жумушчу топ  чакырат.

5.3. Өкүлчүлүктүү жыйын коомчулук үчүн ачык болуп саналат.

5.4. Өкүлчүлүктүү жыйын ага шайланган катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат.

5.5. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын каттоону жооптуу катчы жүргүзєт. Делегаттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же Дєбєлї айылдык кеңештин тєрагасында) сакталат.

5.6. Өкүлчүлүктүү жыйын ага шайланган катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгү (жарымынан көбү) катышса, укуктуу болуп саналат

5.7. Дєбєлї айылдык кеңештин төрагасы өкүлчүлүктүү жыйналышка төрагалык кылат, кворум тууралуу маалымат берет, катышуучуларга күн тартибин бекитүүнү сунуштайт.

5.8. Күн тартиби бекитилгенден кийин өкүлчүлүктүү жыйындын катчысы, эсептөө комиссиясынын курамы жана анын төрагасы бекитилет.

5.9.Өкүлчүлүктүү жыйындын чечимдери ачык добуш берүү менен катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

5.10. Элдик Курултайдын делегаты бекитилген (2023-жылдын  29-августундагы  «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215  Жарлыгына  ылайык калктын саны 20000ге чейин 1делегат) квотага ылайык тиешелүү аймактын этностук таандыктыгын эске алуу, гендердик балансты сактоо, ошондой эле тармактык, курактык таандыктыгы боюнча өкүлчүлүк принциби менен шайланат.

5.11. Элдик Курултайдын делегаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугуна өкүлчүлүктүү жыйындын бардык катышуучулары ээ.

5.12. Өкүлчүлүктүү жыйындын протоколу мамлекеттик тилде таризделет, өкүлчүлүктүү жыйындын төрагасы жана катчысы кол коет. Зарыл болгондо жыйналыштын/жыйындын протоколу расмий тилге которулушу мүмкүн.

5.13. Өкүлчүлүктүү жыйындын протоколуна Элдик Курултайдын делегатынын документтеринин көчүрмөлөрү тиркелет, алар Уюштуруу комитетине делегатка мандат берүү үчүн жиберилет.

5.14. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

5.15. Элдик Курултайдын делегаттары өкүлчүлүктүү жыйындын жыйынтыгы боюнча 3-төн ашпаган маселени Элдик Курултайдын кароосуна коёт.

5.16. Элдик Курултайдын делегаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин саны квотанын санынан ашкан учурда ар бир талапкерге жекече кезек менен добуш берилет.

5.17. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын ачык добуш берүүсү менен көпчүлүк добушту алган талапкер Элдик Курултайдын делегаты болуп шайланат.

5.18.Элдик Курултайдын делегаттыгына акыркы добуш берүүдө бирдей сандагы добуш алган талапкерлердин ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.

5.19. Делегатты шайланган соң кийинки добуштарды алган талапкерлер Элдик Курултайдын делегаттарынын резервине кирет.

 

 

 

 

Катчы                                                                                                                                                                                          Ж. Касымова                                                        

 

Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык                                                                                                                                                                                                                          кеңешинин  XXVIII-  чакырылышынын                                                                                                                                                                                                                   6- кезексиз сессиясынын 2023-жылдын                                                                                                                                                                                                                 5-октябрындагы №6/1 токтомунун                                                                                                                                                                                                                           2-тиркемеси

 

Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу тобунун курамы 11 адам болсун жана төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн.

 

 

А.А.А Кызматы Жумушчу тобунун ролу Айыл аймака жооптуу
1 Субанбеков Кубанчбек Асанбекович Айылдык кеңештин төрагасы Төрага Баардык
2 Касымова Жайнагүл Шайырбековна Айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Катчы Баардык
3 Нарын уулу Тыныбек депутат Мүчөсү Кенеш
4 Ишеналиева Гүлжан Жолдболдиевна депутат Мүчөсү Алыш
5 Мамытов Алай Бейшенбаевич депутат Мүчөсү Дѳбѳлү
6 Абдыканов Жалый Ак сакалдар соту Мүчөсү Дѳбѳлү
7 Атабаев Максат Ак сакалдар соту Мүчөсү Таш-Башат
8 Ишеналиева Айнура Жолболдиевна депутат Мүчөсү Таш-Башат
9  

Жумалиев Уланбек

Депутат Мүчөсү Кайынды
10 Мүсүров Кенешбек

 

Депутат Мүчөсү Эки-Нарын
11 Орозоев Эркинбек

 

Тамды-Суу айылынын айыл башчысы Мүчөсү Тамды-Суу

 

 

 

Катчы                                                                                                             Ж.Касымова

 

 

 

 

 

 

 

Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык                                                                                                                                                                                                                        кеңешинин  XXVIII-  чакырылышынын                                                                                                                                                                                                                  6- кезексиз сессиясынын 2023-жылдын                                                                                                                                                                                                                  5-октябрындагы №6/1 токтомунун                                                                                                                                                                                                                          3-тиркемеси

 

 

Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынындагы өкүлдөрдүн

саны жана квотасы

 

Айылдардын

(чөлкөмдүн) аталышы

Калкынын саны 1 квотага тийиштүү калктын саны Берилүүчү квотанын саны Гендердик баланс 30% (аял)
1 Кенеш айылы 736 117,5 6 4 эркек 2 аял
2 Алыш айылы 532 117,5 5 4-эркек, 1-аял
2 Дѳбѳлү айылы 1573 117,5 13 9-эркек, 4-аял
3 Кайынды 665 117,5 6 4-эркек, 2-аял
4 Таш-Башат 1486 117,5 13 9-эркек, 4-аял
5 Эки-Нарын 759 117,5 6 4-эркек, 2-аял
6 Тамды-Суу 124 117,5 1 1-эркек
Дѳбѳлү айыл аймак боюнча жалпысы: 5875   50

өкүлчүлүк

35-эркек

15-аял

 

 

 

Катчы                                                                                                                                                                                                    Ж. Касымова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык                                                                                                                                                                                                                           кеңешинин  XXVIII-  чакырылышынын                                                                                                                                                                                                                6- кезексиз сессиясынын 2023-жылдын                                                                                                                                                                                                                   5-октябрындагы №6/1 токтомунун                                                                                                                                                                                                                           4-тиркемеси

 

 

2023-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин Дѳбѳлү айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү

 

ГРАФИГИ

 

Айылдын аталышы Чогулуш өтүүчү жер Убактысы Уюштуруучулар
1 Кенеш айылы Кенеш айылындагы К. Абиров  мектебинде спорт залында 16.10.2023ж

саат 11-00

Айылдык Кеңеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу тобу
1 Алыш айылы Алыш айылындагы Алыш орто мектебинин спорт залында 16.10.2023ж

саат 14-00

Айылдык Кеңеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу тобу
2 Дѳбѳлү  айылы Дѳбѳлү айылдык маданият үйүндѳ 17.10.2023ж

саат 11-00

Айылдык Кеңеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу тобу
3 Кайынды айылы Кайынды айылындагы мектептинде 17.10.2023ж

саат 15-00

Айылдык Кеңеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу тобу
4 Таш-Башат айылы Таш-Башат айылындагы маданият үйүндѳ 18.10.2023ж

саат 11-00

Айылдык Кеңеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу тобу
5 Эки-Нарын айылы Эки-Нарын айылындагы мектептинде 18.10.2023ж

саат 14-00

Айылдык Кеңеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу тобу
6 Там-Суу  айылы Тамды-Суу айылындагы маданият үйүндѳ 19.10.2023ж

саат 11-00

Айылдык Кеңеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу тобу

 

 

 

Катчы                                                                                                                                                                                                             Ж. Касымова

 

 

Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык                                                                                                                                                                                                                          кеңешинин  XXVIII-  чакырылышынын                                                                                                                                                                                                                  6- кезексиз сессиясынын 2023-жылдын                                                                                                                                                                                                                   5-октябрындагы №6/1 токтомунун                                                                                                                                                                                                                           5-тиркемеси

 

 

Дѳбѳлү айыл аймагынан Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү

 

ГРАФИГИ

Айыл аймак Чогулуш өтүүчү жер Убактысы Уюштуучулар
1 Дѳбѳлү айылы Дѳбѳлү айылдык маданият үйүндѳ 18.11.2023ж саат 11-00 Айылдык Кеңеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу тобунун

 

 

 

Катчы                                                                                                                                                                                                           Ж. Касымова

 

 

 

Leave a Reply