28-февраль 2024-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 16 -сессиясынын 16/7 Токтому Жоопкерчилиги чектелген коом «Голд контент» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жөнүндө

28-февраль 2024-жыл                                                                                                                                                         Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 16 -сессиясынын

16/7 Токтому

 

Жоопкерчилиги чектелген коом  «Голд контент» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жөнүндө

 

Жоопкерчилиги чектелген коом  «Голд контент» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында токтом кылат:

 

  1. 2021-жылдын 13-сентябрындагы Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6-чакырылыштагы кезексиз 8-сессиясынын №1 токтому менен  “Чырпыкты” участкасындагы  алтын казуу иштерин жүргүзүүгө 4,1 га жер аянтына уруксат берилип,  талаптар коюлган. Коюлган  талаптар  убагында аткарбай  жана  Эки-Нарын элининин  нааразычылыгынын негизинде Жоопкерчилиги чектелген коом  «Голд контент» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлсун.

 

  1. Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 2021-жылдын 13-сентябрындагы 6-чакырылыштагы кезексиз 8-сессиясынын №1 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                         К. Субанбеков 

Leave a Reply