28-февраль 2024-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 16 -сессиясынын
16/7 Токтому
Жоопкерчилиги чектелген коом «Голд контент» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жөнүндө
Жоопкерчилиги чектелген коом «Голд контент» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында токтом кылат:
- 2021-жылдын 13-сентябрындагы Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6-чакырылыштагы кезексиз 8-сессиясынын №1 токтому менен “Чырпыкты” участкасындагы алтын казуу иштерин жүргүзүүгө 4,1 га жер аянтына уруксат берилип, талаптар коюлган. Коюлган талаптар убагында аткарбай жана Эки-Нарын элининин нааразычылыгынын негизинде Жоопкерчилиги чектелген коом «Голд контент» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлсун.
- Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 2021-жылдын 13-сентябрындагы 6-чакырылыштагы кезексиз 8-сессиясынын №1 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага К. Субанбеков