28-февраль 2024-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 16 -сессиясынын
16/6 Токтому
Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга кезекте балдар тургандыктан бештен баланы кошуп иш алып баруусу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга кезекке турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу бештен баланы кошуп иш алып баруусуна макулдук берүү максатында токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга кезекке турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу беш баланы кошуп иш алып баруусуна макулдук берилсин.
- Дөбөлү айыл аймагындагы Кайыңды келечеги, Бала-Нур бала бакчаларга кезекке турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу бештен баланы кошуп иш алып барууда Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн тиешлүү документтерди бүткөрүп иш алып баруу жагы Бала-Нур бала бакчанын жетекчиси Г. Ишеналиева, Кайынды келечек балдар бакчанын жетекчиси Н. Абдырахмановага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага К. Субанбеков