18-июль 2023-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын 4/2 Токтому Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгы жөнүндө

18-июль  2023-жыл                                                                                                                                     Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын

4/2 Токтому

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы  «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгы жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы                   «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү  үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгын Дөбөлү  айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында  талкуулап, Дөбөлү айылдык Кещешинин VI- чакырылыштагы  кезексиз  сессиясы  токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 03-апрелиндеги Айыл аймактарынын дещгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жөнүндө №85-Жарлыгын жетекчиликке алуу менен «Дөбөлү» «Орток» айыл аймактары бириккендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгынын «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча кабыл алынган Жобого толуктоо киргизүү жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Жобосу бекитилсин.(тиркеме тиркелет 3-баракта)

 

  1. Дөбөлү айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарда ашыкча чыгымдар сарпталбасын.

 

  1. Маркумдун сөөгүн коюуда эскерүү иш чараларында шартына жараша эң көп 1(бир)жылкы союулуп, сөөк коюу иш чарасы өткөрүлсүн жана кыркылыгында 2 (эки)кой союлуп куран окутулсун.
  1. Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Касымовага милдеттендирилсин
  2. Токтом Веб.сайтка жаряланган күндөп баштап күчүнө кирсин.
  3. Кабыл алынган токтомду жана Жобону көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Усуповго жана комиссия мүчөлөрүнө тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                           К. Субанбеков

                  

 

Leave a Reply