18-июль 2023-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын
4/2 Токтому
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгын Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында талкуулап, Дөбөлү айылдык Кещешинин VI- чакырылыштагы кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 03-апрелиндеги Айыл аймактарынын дещгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жөнүндө №85-Жарлыгын жетекчиликке алуу менен «Дөбөлү» «Орток» айыл аймактары бириккендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгынын «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча кабыл алынган Жобого толуктоо киргизүү жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Жобосу бекитилсин.(тиркеме тиркелет 3-баракта)
- Дөбөлү айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарда ашыкча чыгымдар сарпталбасын.
- Маркумдун сөөгүн коюуда эскерүү иш чараларында шартына жараша эң көп 1(бир)жылкы союулуп, сөөк коюу иш чарасы өткөрүлсүн жана кыркылыгында 2 (эки)кой союлуп куран окутулсун.
- Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Касымовага милдеттендирилсин
- Токтом Веб.сайтка жаряланган күндөп баштап күчүнө кирсин.
- Кабыл алынган токтомду жана Жобону көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Усуповго жана комиссия мүчөлөрүнө тапшырылсын.
Төрага К. Субанбеков