16-июнь 2023-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын 2- сессиясынын 2/4 Токтому Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө

16-июнь 2023-жыл                                                                                                                                               Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын 2- сессиясынын

2/4 Токтому

Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө

 

Актуалдуу көйгөйлөрдүн жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча максаттуу иш алып баруу учун Дөбөлү айыл амагында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповдун  маалыматын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

  1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына «Ак-Бел» муниципиалдык ишканасын түзүү жагы тапшырылсын.
  2. Түзүлгөн ”Ак-Бел” муниципалдык ишкананын карамагына, элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу иБаэль” коомдук бирикмеси тиешелүү карамагындагы каражаттары (инвентарлар) жана ыйгарым укуктары, жайыт пайдалануучулар бирикмеси (Ж.П.Б ) тийиштүү техникалык каражаттары (инвентарлар) жана ыйгарым укуктары, сугат сууу менен камсыз кылуучу курулмалар жана тазалык меселелери боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсин.
  3. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.dobolu.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ж.Касымова милдеттендирилсин.
  4. Ушул  токтомдун  аткарылышын   көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                                                                             К. Субанбеков

Leave a Reply