12-июль 2023-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVIII-чакырылышынын 3-сессиясынын
3/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылы кошумча акча
каражатынан бөлүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга кошумча акча каражатынын көлөмү 691,2 сомго бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын кошумча акча каражатын 334,2 сомго төмөндөгүдөй статьяларга жумшалсын.
№ | Статья | Мазмуну | Сумма |
1 | 2218 | Тамак-аш азыктарын алуу | 195,3 |
2 | 2221 | Учурдагы ремонт | 88,8 |
3 | 2222 | Учурдагы чарбалык максаттар | 50,1 |
Баары | 334,2 |
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
- Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
Төрага К. Субанбеков