15-декабрь 2023-жыл Дѳбѳлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
XXVIII-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясынын
№11/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагындагы Өрүк-Там (расмий тилде Орюк-Там) айылын каттоодон чыгаруу жөнүндө
Дөбөлү (пилоттук негиздеги административдик-аймактык реформага чейин Орток айыл аймагы) айыл аймагына караштуу Өрүк-Там өрөөнүндөгү калктуу конуш, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 21-апрелиндеги “Кыргыз Респбликасынын Жалал-Абад, Нарын,Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө “ №49 Мыйзамы менен Тамды-Суу болуп аталып, айыл макамы алынган. Тамды-Суу айылынын жалпы аянты 19,7 гектарды түзөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетини 21.11.2023-жылдагы №01-12/1770 билдирүүсүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана аймактык бирдиктердин обьектилерин белгилөө тутуму” мамлекеттик классификаторунда, Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагындагы (мурунку Орток айыл аймагы) Өрүк-Там, коду 41704245844020 (расмий тилде Орюк-Там )калктуу конушу Тамды-Суу айылы болуп 41704245844050 коду менен жащы аталышта катталып, учурда Дөбөлү айыл аймагында Тамды-Суу жана Өрүк-Там айылдары болуп каттоодо турат. Ошого байланыштуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 11-ноябрь 2023-жылдагы №391-б буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан тактоо жүргүзүлүп, бир эле айыл эки башка аталышта катталып тургандыгы аныкталып, Өрүк-Там (расмий тилде, Орюк-Там) аталышындагы айыл жок деп эсептелип, каттоодон чыгаруу боюнча акт түзүлгөн.
Жогорудагылардын негизинде Дөбөлү айыл аймагындагы Өрүк-Там (расмий тилде Орюк-Там) айылы Тамды-Суу айылы болуп жащы катталгандыктан, Өрүк-Там (расмий тилде Орюк-Там) айылын мамлекеттик каттоодон чыгаруу максатында, Дөбөлү айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагындагы Өрүк-Там (расмий тилде Орюк -Там) деген аталыштагы, 41704245844020 кодунда, айыл жок деп эсептелип, мамлекеттик каттоодон, бардык отчеттуулуктан чыгарылсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү жактарга сунуш берүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Усуповго тапшырылсын.
- Бул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ж. Касымовага милдеттендирилсин.
- Токтом расмий жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
Төрага К.Субанбеков