12.02.2024-жыл Дɵбɵлү айылы
Дɵбɵлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХVIII-чакырылышынын 14- сессиясынын
14/2 токтому
Жер участогун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесинин 8 пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу трансформациялоо жɵнүндɵ» №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнүн 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жɵнүндɵ» Жобого жана Нарын райондук жер участокторун которуу (трансформациялоо) маселелерин кароо боюнча комиссиянын 2024-жылдын 16-февралындагы №48, №49, №51-б буйруктарын негизинде токтом кылат:
- Дɵбɵлү айыл амагынын Эки-Нарын айылындагы “Сырдыбай” участкасындагы № 161 контурундагы 0,40 га, Таш-Башат айылындагы “Мерген-Жар” участкасындагы № 1621 контурундагы 0,80 га жана Алыш айылындагы “Тай-Сарай” участкасындагы № 563 контурундагы 0,40 га “Айыл чарба жерлер” түрүндɵгү жайыт жер аянтын «Ɵнɵр жай, транспорт байланыш коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин
- Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Дɵбɵлү айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Усуповго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду каттоодон ɵткɵрүп, dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Тɵрага К.Субанбеков