12.02.2024-жыл Дɵбɵлү айылы
Дɵбɵлү айыл аймагынын айылдык Кещешинин
ХХVIII-чакырылышынын 14- сессиясынын
14/1 токтому
Жер участогун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо жɵнүндɵ» №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнүн 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ» убактылуу Жобого ылайык, Дɵбɵлү айыл аймагынын айылдык кещешинин сессиясы токтом кылат:
- Дɵбɵлү айыл амагынын Эки-Нарын айылындагы “Жал-Арык” участкасындагы № 593 контурундагы 4,0 га “Сугат айдоо” түрүндɵгү жер аянтын “Калктуу конуштардын жерлери ” категориясына которууга макулдук берилсин.
- Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Дɵбɵлү айыл ɵкмɵтүнүн башчысы К.Усуповго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду каттоодон ɵткɵрүп, dobolu.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Тɵрага: К.Субанбеков