Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) киргизүү жɵнүндɵ

 

01.08.2024-жыл                                                                                                                                                                              Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кещешинин  ХХVIII-чакырылышынын

23- сессиясынын 23/5 токтому

Жер фондусун инвентаризация материалдарына  түзөтүү (корректировка)

киргизүү жɵнүндɵ

         Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагы боюнча,  Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо тартибин бекитүү тууралуу” №154-НИ буйругунун жана “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо материалдарын корректировкалоо жөнүндө Көрсөтмөнүн негизинде,  Дөбөлү айыл аймагынын  27.07.2023-жылдагы №82-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун, Жер фондусун инвентаризация материалдарына  түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн карап чыгып,  жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңеши төмөнкүдɵй чечим кабыл алды:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөр кабыл алынсын.
  2.  Дөбөлү айылдык кеңешинин төрагасына жана Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Дөбөлү айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна  сунуштоо тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Дɵбɵлү айыл ɵкмɵтүнɵ тапшырылсын.

 

 

 

Тɵрага:                                                                                                                                                                             К.Субанбеков

Leave a Reply