Дөбөлү айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө

 

28-август  2024-жыл                                                                                                                                                               Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 24-сессиясынын

    №24/10 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагындагы айыл тургундарына “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу максатында Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын экономикалык, социалдык, маданий өнүгүшүнө кошкон арбын салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, кызматтык ишинде жогорку натыйжаларга жетишкендиги өсүп келе жаткан келечек муундарга үлгү болоорлук күжүрмөн эмгектери жана учурда эл-журтка сөзү, жүрүш-турушу менен үлгү болгон, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоого ушул айылдардын кулундары катары айыл эли менен тыгыз байланыштарды ыраттуу алып келе жаткандыктары үчүн  Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу, Эки-Нарын, Таш-Башат,   Кайыңды, Дөбөлү, Алыш, Кеңеш айылдарынын төмөндөгү айыл тургундарына  “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
  • Турдалиев Мурат Тамды-Суу айылы
  • Маматбеков Шайымалы Эки-Нарын айылы
  • Окенов Алтынбек Тентиевич Эки-Нарын айылы
  • Ибраимакунова Аниса Таш-Башат айылы
  • Акматов Асангазы Таш-Башат айылы
  • Турдалиев Миртемир Муканбетович Таш-Башат айылы
  • Өмүрзаков Эркинбек Мусилинович Таш-Башат айылы
  • Жумалиев Кыргыек Кайыңды айылы
  • Абдырахманова Нурайым Эсеновна Кайыңды айылы
  • Осеков Үсөн Дөбөлү айылы
  • Биримкулова Седепкан Дөбөлү айылы
  • Кенжебеков Мамбет Алыш айылы
  • Тентиев Мирбек Жайлообаевич Алыш айылы
  • Исаева Шайлообү Маметкановна Кеңеш айылы
  • Өмүралиева Айнура Кыдырмышовна Кеңеш айылы
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                        К. Субанбеков

Leave a Reply