1-август 2024-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясынын
№23/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХVIII-чакырылышынын 2024-жылдын 28-февралындагы №16/1, №16/2 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2024-жылдын 28-февралындагы №16/1, №16/2 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана финансы комиссиясынын, башкы бухгалтердин баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 23-кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2024-жылдын 28-февралындагы №16/1 токтому менен бекитилген 2111 эмгек акы багытындагы экономдолуп калган 1287,0 миң сом акча каражатын 2224 көмүр сатып алуу багытына, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2024-жылдын 28-февралындагы №16/2 токтому менен бекитилген 2218 ысык тамак багытындагы экономдолуп калган 446,4 миң сом акча каражатын 2224 көмүр сатып алуу беренесине жылдырылып бекитилсин.
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага К. Субанбеков