10-декабрь 2024-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын
№2/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы жаңы курулган мечиттин жерин 49 жылга Нарын казыятынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы жаңы курулган мечиттин жерин Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансында турган жерди 49 жылга Нарын казыятынын балансына өткөрүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы жаңы курулган мечиттин жерин Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансында турган жерди 49 жылга Нарын казыятынын балансына өткөрүлүп берилсин.
- Эгерде Нарын казыяты Алыш мечитинин керектелүүчү төлөмдөрүн (свет, суу, ж.б) камсыздай албаса келишим бир тараптуу бузулуп, автоматтык түрдө Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып берилсин.
- Тиешелүү документтери менен иш алып баруу жагы Алыш айылынын айыл башчысы М. Нуркалиев менен Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Сапарбек уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев