28-ноябрь 2024-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ -чакырылышынын
I- сессиясынын
№1/4 ТОКТОМУ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү максатында, Дөбөлү айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын I- сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
- Дөбөлү айыл аймагынын калкынын саны 6010 болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктардын катышуучу өкүлдөрдүн жалпы саны 50 деп бекитилсин.
- Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча Регламенти №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча Дөбөлү айыл аймагынын Алыш, Кенеш, Дөбөлү, Кайынды, Таш-Башат, Эки-Нарын, Тамды-Суу айылдардын калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын (№3 тиркемеге ылайык).
- Дөбөлү айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү 2024-жылдын 4-декабрынан 5-декабрына чейин белгиленсин (№4 тиркемеге ылайык).
- Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү 2024-жылдын 7-декабры деп белгиленсин (№ 5 тиркемеге ылайык).
- Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыга жана жумушчу топко жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Б. Шералиев
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин
XX1Х-чакырылышынын 1- сессиясынын 2024-жылдын
28-ноябрындагы №1/4 токтомунун
1-тиркемеси
Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча
РЕГЛАМЕНТ
- Жалпы ЖОБО
- Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу
III. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү тартиби
- Эсептөө комиссиясын түзүү жана анын иштөө тартиби
- Элдик Курултайга делегат шайлоо
- I. Жалпы ЖОБО
Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгына ылайык, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана анын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу
- II. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу
2.1. Дөбөлү айылдык кеңештин сессиянын чечими менен жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштурат.
2.2. Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгына ылайык, «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215 Жарлыгы менен бекитилген “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарына шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө» убактылуу жобого ылайык кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасынын негизинде жүргүзүлөт.
2.3. Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындары өз компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
2.4. Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындары ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындары ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
2.5. Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындары датасы жана анда каралуучу маселелер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес кабарланат.
2.6. Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу, материалдык-техникалык камсыздоо (орун-жай, эмеректер, кеӊсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) жана маалымдоо иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
2.7. Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу үчүн жумушчу топ түзүлөт.
2.8. Жумушчу топтун курамына айылдык кеӊештин депутаттары, калктын демилгечи топторунун, жарандык коомдун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана башкалар кирет
2.9. Жумушчу топ беш адамдан кем эмес курамда түзүлөт.
2.10. Жумушчу топтун курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
аткаруу органынын жетекчилери кире албайт.
2.11. Жумушчу топко жергиликтүү кеңештин төрагасы (төрага жок учурда төраганын орун басары) башчылык кылат, катчынын функцияларын жергиликтүү кенештин жооптуу катчысы аткарат. Айылдык кенеште жооптуу катчынын кызмат орду жок болгон учурда жумушчу топтун катчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн кызматкерине жүктөлөт.
2.12. Жумушчу топ:
– өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча жыйындарды
өткөрүүнү координациялайт;
– жыйындардын жана жыйналыштардын протоколдорун түзөт
– өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү тартибинин долбоорун иштеп чыгат жана жыйналыштын күн тартибин даярдайт;
– өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүлүүчү күнү катышуучуларды каттоону жүргүзөт;
– өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын сапаттык жана тармактык
курамы боюнча маалымат берет;
– өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын жана Элдик Курултайдын делегатын шайланган курамында бекитилген квотага ылайык тармактык өкүлчүлүк принцибин сактоону камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрөт;
– уюштуруу маселелери боюнча башка зарыл чараларды көрөт.
2.13. Жумушчу топ жыйналыштардын/жыйындардын протоколдорунун негизинде өкүлчүлүктүү жыйындын шайланган катышуучуларынын ыйгарым укуктарынын аныктыгын ырастайт, алардын тизмесин түзөт жана аталган документтерди айылдык кеӊешке берет.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтер жумушчу топтун бардык мүчөлөрүнүн колу менен күбөлөндүрүлөт жана 3 жыл бою жергиликтүү кеңештерде сакталып, андан кийин жергиликтүү архивдерге өткөрүлөт.
III. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Айылдык кеңеш кезексиз сессиянын чечими менен Уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакырат.
3.2. Айылдык кеңештин кезексиз сесссиясынын чечиминде төмөнкүлөр чагылдырылат:
– Уюштуруу комитети бекиткен (2001 ден 5000ге чейни-40; 5001 ден 10000чейин-50; 10001 ден 20000ге чейин-100) жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүк ченемине ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны;
– жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча Дөбөлү айыл аймакты бөлүктөргө бөлүү ченемдери (айыл, кварталдарга, көчөлөргө, чарбаларга, үй чарбаларына ж.б.);
– календардык план менен аныкталуучу мөөнөттөргө ылайык жарандардын жыйналыштарын жана жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын саны;
– өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеӊештин депутаттарынын тизмеси;
– өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары-жумушчу топ) курамы.
3.3. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышууга талапкерлерди көрсөтүү укугуна бул жыйналыштарга/жыйындарга катышкан жергиликтүү коомдоштуктун бардык мүчөлөрү ээ.
3.4. Жыйынга тиешелүү аймакта төрөлүп өскөн, бирок башка административдик- аймактык бирдикте жашаган жарандар катыша алат.
3.5. Катышуу үчүн көрсөтүлгөн талапкерлердин саны чектелбейт, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү кеӊеш аныктаган сандагы (сандык ченемге ылайык) өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучулары шайланат.
3.6. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындары жана жыйналыштары айылдык кеңеш тарабынан бекитилген график боюнча өткөрүлөт.
3.7. Катышуучуларды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга айылдардагы жыйын/жыйналыш өткөрүлүп жаткан бөлүгүнө жооптуу болуп бекитилген айылдык кеңештин депутаты алып барат.
3.8. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды тиешелүү аймактын этностук өзгөчөлүгүн эске алуу, гендердик балансты сактоо, ошондой эле тармактык, курактык таандыктыгы боюнча өкүлчүлүк принциби менен шайлоо сунушталат.
3.9. Жыйналыштарда/жыйындарда катышуучулардын ачык добуш берүүсү менен көпчүлүк добушка ээ болгон талапкерлер өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучусу болуп шайланат.
- Эсептөө комиссиясын түзүү жана анын иштөө тартиби
4.1. Ачык добуш берүү-ар өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын жооптун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.
4.2 Ачык добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын ачык добуш берүү менен эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлашат, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны так сандардан турат.
4.3. Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол ________ өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
4.4. Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жүргүзүлөт.
4.5. Добуштар саналгандан кийин төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
4.6. Добуш берүүдө жол-жоболук ката кетирилген учурда (же төрагалык кылуучунун катасы) Дөбөлү айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
4.7. Ачык добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана Дөбөлү айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындын эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.
4.8. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде өкүлчүлүктүү жыйындын төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат.
4.9. Ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол Дөбөлү айыл аймактын өкүлчүлүктүү жыйындын токтому менен бекитилет.
- Элдик Курултайга делегат шайлоо
5.1. Элдик Курултайдын делегатын шайлоодо региондун жана тиешелүү аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тармактык өкүлчүлүк принциптери жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны аркылуу жүзөгө ашырылат.
5.2. Өкүлчүлүктүү жыйынга шайланган катышуучуларды Дөбөлү айылдык Кенештин төрагасы, жумушчу топ чакырат.
5.3. Өкүлчүлүктүү жыйын коомчулук үчүн ачык болуп саналат.
5.4. Өкүлчүлүктүү жыйын ага шайланган катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат.
5.5. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын каттоону жооптуу катчы жүргүзөт. Делегаттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же Дөбөлү айылдык кеңештин терагасында) сакталат.
5.6. Өкүлчүлүктүү жыйын ага шайланган катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгү (жарымынан көбү) катышса, укуктуу болуп саналат.
5.7. Дөбөлү айылдык кеңештин төрагасы өкүлчүлүктүү жыйналышка төрагалык кылат, кворум тууралуу маалымат берет, катышуучуларга күн тартибин бекитүүнү сунуштайт.
5.8. Күн тартиби бекитилгенден кийин өкүлчүлүктүү жыйындын катчысы, эсептөө комиссиясынын курамы жана анын төрагасы бекитилет.
5.9. Өкүлчүлүктүү жыйындын чечимдери ачык добуш берүү менен катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5.10. Элдик Курултайдын делегаты бекитилген (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгына ылайык, калктын саны 20000ге чейни 1 делегат) квотага ылайык тиешелүү аймактын этностук таандыктыгын эске алуу, гендердик балансты сактоо, ошондой эле тармактык, курактык таандыктыгы боюнча өкүлчүлүк принциби менен шайланат.
5.11. Элдик Курултайдын делегаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугуна өкүлчүлүктүү жыйындын бардык катышуучулары ээ.
5.12. Өкүлчүлүктүү жыйындын протоколу мамлекеттик тилде таризделет, өкүлчүлүктүү жыйындын төрагасы жана катчысы кол коет. Зарыл болгондо жыйналыштын/жыйындын протоколу расмий тилге которулушу мүмкүн.
5.13. Өкүлчүлүктүү жыйындын протоколуна Элдик Курултайдын делегатынын документтеринин көчүрмөлөрү тиркелет, алар Уюштуруу комитетине делегатка мандат берүү үчүн жиберилет.
5.14. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
5.15. Элдик Курултайдын делегаттары өкүлчүлүктүү жыйындын жыйынтыгы боюнча 3төн ашпаган маселени Элдик Курултайдын кароосуна коёт.
5.16. Элдик Курултайдын делегаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин саны квотанын санынан ашкан учурда ар бир талапкерге жекече кезек менен добуш берилет.
5.17. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын ачык добуш берүүсү менен көпчүлүк добушту алган талапкер Элдик Курултайдын делегаты болуп шайланат.
5.18. Элдик Курултайдын делегаттыгына акыркы добуш берүүдө бирдей сандагы добуш алган талапкерлердин ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.
5.19. Делегатты шайланган соң кийинки добуштарды алган талапкерлер Элдик Курултайдын делегаттарынын резервине кирет.
Катчы Т. Асанкожоев
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин
XX1Х-чакырылышынын 1- сессиясынын
2024-жылдын 28-ноябрындагы №1/4 токтомунун
2-тиркемеси
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 11 адам болсун жана төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн
№ | А.А.А. | Кызматы | Жумушчу тобунун ролу | Айыл аймакка жооптуу |
1 | Б. Шералиев | Төрага | баарына | |
2 | Т. Асанкожоев | Катчы | баарына | |
3 | Б. Сүйүналиев | Орун басар | Кеңеш | |
4 | Ж. Алымбаев | Мүчөсү | Алыш | |
5 | М. Тазабеков | Мүчөсү | Кайыңды | |
6 | Б. Курманбек уулу | Мүчөсү | Дөбөлү | |
7 | Р. Асанкожоев | Мүчөсү | Эки-Нарын | |
8 | А. Абдыжапарова | Мүчөсү | Дөбөлү | |
9 | Бейшенбек кызы А | Мүчөсү | Таш-Башат | |
10 | Н. Ажымүдүнова | Мүчөсү | Кеңеш | |
11 | М. Мамытбекова | Мүчөсү | Эки-Нарын |
Катчы Т. Асанкожоев
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин
XX1Х-чакырылышынын 1- сессиясынын
2024-жылдын 28-ноябрындагы №1/4 токтомунун
3-тиркемеси
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынындагы
өкүлдөрдүн саны жана квотасы
№ | Айылдардын (чөлкөмдүн аталышы) | Калкынын саны | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны | Гендердик баланс 30% (аял) |
1 | Кеӊеш айылы | 752 | 120.2 | 6 | 4 эркек 2 аял |
2 | Алыш айылы | 544 | 120.2 | 5 | 4 эркек 1 аял |
3 | Дөбөлү айылы | 1593 | 120.2 | 13 | 9 эркек 4 аял |
4 | Кайыӊды айылы | 687 | 120.2 | 6 | 4 эркек 2 аял |
5 | Таш-Башат айылы | 1520 | 120.2 | 13 | 9 эркек 4 аял |
6 | Эки-Нарын айылы | 783 | 120.2 | 6 | 4 эркек 2 аял |
7 | Тамды-Суу айылы | 131 | 120.2 | 1 | 1 эркек |
Дөбөлү айыл аймак боюнча жалпысы: | 6010 | 50 | 35 эркек 15 аял |
Катчы Т. Асанкожоев
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин
XX1Х-чакырылышынын 1- сессиясынын
2024-жылдын 28-ноябрындагы №1/4 токтомунун
4-тиркемеси
2024-жылдын 4-декабрынан 5–декабрына чейин Дөбөлү айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айылдын (чөлкөмдүн)
аталышы |
Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Кеӊеш айылынын
Б. Курманов, Э. Усубалиев, Аэропорт көчө чөлкөмдөрү |
Кеӊеш айылындагы К. Абиров орто мектебинин спорт залында | 04.12.2024-ж
Саат 10:00 |
Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
2 | Алыш айылынын
Т. Аргымбаев, Ы. Эсенаманов, Ч. Алымбаев көчө чөлкөмдөрү |
Алыш айылындагы Алыш орто мектебинин спорт залында | 04.12.2024-ж
Саат 12:00 |
Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
3 | Дөбөлү айылынын
М. Боромбаев, Ө. Токтосунов, М. Сатыбалдиев, А. Аракеев, Т. Молдоканов, Б. Абдыканова, Кабак, Ж. Кысамединов, Жаштык көчө чөлкөмдөрү |
Дөбөлү айылдык маданият үйүндө | 04.12.2024-ж
Саат 15:00 |
Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
4 | Кайыӊды айылынын
Ж. Муңайтпасов, С. Кененбаев, Д. Токторбаев, Ө. Тезекбаев, Т. Байгазиев көчө чөлкөмдөрү |
Кайыӊды айылындагы М. Кенжакунов орто мектебинде | 05.12.2024-ж
Саат 12:00 |
Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
5 | Таш-Башат айылынын
Д. Мамбетов, Д. Кененбаев, А. Өскөнбаев, Т. Чарыков, Арча-Бешик, К. Байгазиев, М. Касмакунов көчө чөлкөмдөрү |
Таш-Башат айылындагы маданият үйүндө | 05.12.2024-ж
Саат 14:00 |
Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
6 | Эки-Нарын айылынын
А. Орозалиев, Т. Окенов, Ж. Өмуров, Ж. Курманалиев, Ж. Садыр, Ш. Көкөтаев көчө чөлкөмдөрү
|
Эки-Нарын айылындагы М. Мамбетов мектебинде | 05.12.2024-ж
Саат 16:00 |
Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
7 | Тамды-Суу айылынын
О. Алиев көчө чөлкөмү |
Тамды-Суу айылындагы маданият үйүндө | 05.12.2024-ж
Саат 10:00 |
Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Катчы Т. Асанкожоев
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык
кеӊешинин XX1Х-чакырылышынын
1- сессиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы
№1/4 токтомунун 5-тиркемеси
Дөбөлү айыл аймагынан Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Дөбөлү айылы | Дөбөлү айылдык маданият үйүндө | 07.12.2024
Саат 11:00 |
Айылдык кеӊеш, Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Катчы Т. Асанкожоев