Дөбөлү айыл аймагында жайгашкан жеке менчик дүкөндөрүнө спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү жөнүндө

 

10-декабрь  2024-жыл                                                                                                                                           Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIX-чакырылышынын кезексиз  2-сессиясынын

    №2/8   Токтому

 

Дөбөлү айыл аймагында жайгашкан жеке менчик дүкөндөрүнө спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү жөнүндө

 

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагынын тургундарынын оозеки кайрылууларын талкуулап  Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагынын тургундарынын оозеки кайрылууларынын негизинде Дөбөлү айыл аймагындагы жеке менчик дүкөндөрүндө сатылып жаткан спирт ичимдиктеринин түрүн сатууга кечки саат 17:00дөн эртең мененки саат 10:00гө чейин чектөө киргизилип, сатууга тыюу салынсын.

 

  1. Белгиленген убакыттан кийин спирт ичидиктерин саткан дүкөндөр, комоктун жана башка сатуучу жайлардын ээлерине, жашы жете элек өспүрмдөргө, мектеп окуучуларына саткан учурда, тиешелүү админстративдик жана мыйзам чегинде чара көрүлөрү жагы эскертилсин.

 

  1. Ар бир айылдарды кыдырып элдин тынчтыгын жана коопсуздугун сактоо, спирт ичимдиктеринин сатылуусуна көзөмөл жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н. Омүрзаковага айыл аймактын ИДН инспектору Марат кызы Жазира, Тамды-Суу, Эки-Нарын айылдарынын уч.инспектору Жумамүдүн уулу Жаныбек, Таш-Башат, Кайыңды айылдарынын уч.инспектору Төрөбек уулу Алишер, Дөбөлү, Алыш, Кеңеш айылдарынын уч.инспектору Турсунбек уулу Кубан жана  айыл башчылар Э. Орозоев, М. Байзаков, Б. Асаналиев, А. Осмонов, Ж. Уланбек уулу,                М. Нуркалиев, С. Молдобаевдерге  милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы                                   К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                             Б. Шералиев

Leave a Reply