26-октябрь 2023-жыл Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII -чакырылышынын 7-кезексиз сессиясынын №7/1 ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Нарын областынын прокуратурасынын 2023-жылдын 25-сентябрындагы №11-7-23 сунуштамасын кароо жєнүндє

26-октябрь 2023-жыл                                                                                                                                                                                 Дѳбѳлү айылы

 

Дѳбѳлү айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII -чакырылышынын   7-кезексиз сессиясынын

№7/1 ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын Нарын областынын прокуратурасынын 2023-жылдын 25-сентябрындагы №11-7-23 сунуштамасын кароо  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Нарын областынын прокуратурасынын 2023-жылдын 25-сентябрындагы №11-7-23 сунуштамасынын негизинде, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын Салкын-Төр  участкасындагы  эки кабаттуу имарат жана 29617,16 ч.м. жер тилкеси Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  балансында  тургандыгына  байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Агроөнөржай комплексинин жана айыл чарбасындагы муниципалдык кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын областтык комитетине өткөрүлүп  берилбесин.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Агроөнөржай комплексинин жана айыл чарбасындагы муниципалдык кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын областтык комитети убагында Жерге жайгаштыруу  жана  кыймылсыз  мүлккө  укуктарды  каттоо башкармалыгынан   каттоодон өткөрбөй, имараттарды  таландыга учуратып, кароосуз  калтырып  койгондугунун  кесепетинен, тиешелүү органдардан каттоодон өтпөгөндүктөн, Дөбөлү айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн  балансына өткөрүлгөндүктөн мыйзам чегинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №531 – токтомунда көрсөтүлүп,  тургандыктан Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансына калтырылсын.

 

  1. Бул токтомдын аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы  Дөбөлү айыл өкмөтүнүн  башчысы К. Усуповго  тапшырылсын

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                       К. Субанбеков

 

 

Comments are closed.