28-февраль 2024-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 16-сессиясынын №16/4 Токтому Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

28-февраль  2024-жыл                                                                                                                                       Дөбөлү  айылы

 

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 16-сессиясынын

    №16/4 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык  акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн  социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык     акча каражатынын көлөмү 5895,8  сомго бекитилсин.
  2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынан  2691,1  сомго   төмөндөгүдөй муктаждыктарга   жумшалсын.

 

Мазмуну Сумма
1 Компьютерлердин ремонтуна, UPS шаймандарын алуу 80,0
2 Жолбун иттерди атууга 50,0
3 Госрегистрга 50,0
4 Тех.надзор 13,0
5 Мекемелерди табигый кырсыктардан камсыздандыруу 100,0
6 Видео-конференц-байланышка жабдууларды алуу 50,0
7 2 ФАП, 3 мечит, 1 клуб документтерин бүткөрүү 50,0
8 Таш-Башат, Дөбөлү айылдык китепканаларга жаңы китептерди алуу 50,0
9 Дөбөлү айылдык китепкананын проектисине жылуулук системасына 200,0
10 Кызматтык автоунаалардын запастык тетиктерин алуу 30,0
11 Дөбөлү айыл өкмөтүнүн конторасынын электричествосун алмаштырууга 150,0
12 Ө. Токтосунов о.м микроавтобустун калдык акча каражаты 15,0
13 Кайыңды, Эки-Нарын, Кеңеш айылдарынын мечиттерине пожарный щит, акылдуу счетчик алуу 73,5
14 Ө. Токтосунов о.м микроавтобусуна тетиктерди алуу 50,0
15 Дөбөлү а/а мектептер, бала бакчалар, конторалардын 3-фазалуу счетчиктерин алмаштыруу 257,6
16 Дөбөлү айылынын негизги жол жээгине күн нуру менен иштечү шам чырактарын коюу 200,0
17 Айыл аймагындагы мекемелердин таштанды, таза суусун төлөөгө 200,0
18 М. Кенжакунов о.м тенис кабинетинин крышасын оңдоого 150,0
19 К. Абиров о.м. окуучуларын окутууга 42,0
20 Аруу-Тилек бала бакчасына 100,0
21 Бала-Нур бала бакчасына 70,0
22 Небере бала бакчасына 100,0
23 Кайыңды келечеги бала бакчасына 100,0
24 Э. Сопуев атындагы бала бакчасына 100,0
25 Эки-Нарын бала бакчасына 50,0
26 Орук-Там бала бакчасына 50,0
27 Ардактуу атуул наамына медаль жазатууга 10,0
28 АРИС агенствосунун АИД-3 кошумча долбооруна таштанды чыгаруучу атайын техника алуу үчүн өздүк салым 300,0
Баары 2691,1

 

  1. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы     Ж. Касымова  милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын  Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы К. Усуповго  милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                   К. Субанбеков

 

Leave a Reply