28-февраль 2024-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 16-сессиясынын №16/3 Токтому Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

28-февраль  2024-жыл                                                                                                                                                      Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезектүү 16-сессиясынын

    №16/3 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык  акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2024-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражаттарын айыл өкмөттүн  социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык   атайын  акча каражатынын көлөмү 806, 9  сомго бекитилсин.
  2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык атайын   акча каражатынан  803,0  сомго   төмөндөгүдөй муктаждыктарга   жумшалсын.
Мазмуну Сумма
1 «Ак-Бел» муниципалдык ишканасына 644,6
2 Бала-Нур бала бакчасы 13,5
3 Аруу-Тилек бала бакчасына 58,1
4 Э. Сопуев бала бакчасына 45,5
5 Орук-Там келечек бала бакчасына 41,3
Баары 803,0

 

  1. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
  2. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы     Ж. Касымова  милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун  аткарылышын  Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы К. Усуповго  милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                   К. Субанбеков

 

 

Leave a Reply