2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылындагы спорт комплексинин көмүр отуну жөнүндөгү №4/6 токтому;

7-февраль  2025-жыл                                                                                                                                Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIX-чакырылышынын кезектүү  4-сессиясынын

    №4/6   Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын Таш-Башат айылындагы спорт комплексинин

көмүр отуну  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы “Мамлекеттик органдардын жана жегиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” №247 Жарлыгынын жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйынынын протоколунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы “Мамлекеттик органдардын жана жегиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” №247 Жарлыгына ылайык Нарын райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине кошумча штаттык бирдиктери чечилбей калгандыгына байланыштуу күз-кыш айыларына  Таш-Башат айылындагы спорт комплексине келип түшкөн 40 (кырк) тонна көмүр отунун айыл аймактын аз камсыз, ДЧМ, жалгыз бой жардамга муктаж жарандарга бөлүнүп  берилсин.

 

  1. Муктаж жарандарды аныктап, көмүр отунун таратып берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ч. Назаралиевага милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы                               К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                              Б. Шералиев

 

Leave a Reply