7-февраль 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын
№4/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын Кайыңды айылына “Парк” курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кайыңды айылынын инфраструктурасын жакшыртуу, айыл тургундарына эс алууга жакшы шарт түзүү үчүн Парк уюштуруу демилгеси көтөрүлүп жаткандыгы тууралуу Кайыңды айылынын айыл башчысы А. Осмоновдун баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылынын Ө. Тезекбаев көчөсүндөгү (эски кампа) №1694-контурунан “Парк” курууга айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 50 сотых жер аянтын бөлүп берүүгө маакулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев