2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндөгү №4/5 токтому;

7-февраль  2025-жыл                                                                                                                                    Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын

    №4/5 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык  акча каражаттарын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2025-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражаттарын айыл өкмөттүн  социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык   атайын  акча каражатынын көлөмү 294,5 сомго бекитилсин.
  2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык атайын   акча каражатынан  294,5 сомго   төмөндөгүдөй муктаждыктарга   жумшалсын.

 

Мазмуну Сумма
1 АУПка 13,6
2 Аруу-Тилек бала бакчасына 59,9
3 Бала-Нур бала бакчасы 43,3
4 Небере келечеги бала бакчасына 69,2
5 Кайыңды келечек бала бакчасына 1,3
6 Э. Сопуев бала бакчасына 49,0
7 Эки-Нарын бала бакчасына 26,0
8 Орук-Там келечек бала бакчасына 32,2
Баары 294,5

 

  1. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы  А.Абдыкадыровго тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын  Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы                       К. Кудайбергенов  милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                             Б.Шералиев

 

Leave a Reply