2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү МАП (милициянын аймактык пунктун) салууга айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 5 сотыхдан жер тилкесин бөлүп берүүгө маакулдук берүү жөнүндөгү №4/1 токтому;

7-февраль  2025-жыл                                                                                                                                 Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХХIX-чакырылышынын кезектүү  4-сессиясынын

    №4/1   Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтү МАП (милициянын аймактык пунктун) салууга айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 5 сотыхдан жер тилкесин бөлүп берүүгө маакулдук берүү  жөнүндө

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык МАП (милициянын аймактык пунктун) салууга айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 5 сотыхдан жер тилкесин берүү максатында Дөбөлү айыл өкмөтүнүн  жер адиси Сапарбек уулу Саматтын баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл   аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылындагы Ө. Тезекбаев көчөсүндөгү (эски кампа) №1694-контуру жана Кеңеш айылындагы аэропорт участкасындагы №313-контурунан  айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 5 сотыхдан жер тилкеси МАП (милициянын аймактык пунктун) салууга бөлүп берүүгө маакулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                 Б. Шералиев

Leave a Reply