4-апрель 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясынын
№7/1 Токтому
Дөбөлү айылындагы Дөбөлү байланыш бөлүмүнүн жаңы имаратын салууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз почтасынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги катынын негизинде, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 3 сотых жер тилкесине Дөбөлү байланыш бөлүмүнүн жаңы имаратын салуу боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновдун баяндамасын жана Дөбөлү байланыш бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү айылындагы М. Боромбаев көчөсүндөгү Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 3 сотых жер тилкесине Дөбөлү байланыш бөлүмүнүн жаңы имаратын салууга макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев