3-июнь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 9-сессиясынын
№9/6 Токтому
“Кыргыз почтасынын” Кайыңды байланыш бөлүмүнүн жаңы имаратын салууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык “Кыргыз почтасынын” Кайыңды байланыш бөлүмүнүн жаңы имаратын салуу максатында 2025-жылдын 13-майындагы Дөбөлү айыл аймагынын Таш-Башат айылынын элдик жыйналышынын протоколунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.11.1996-жылындагы №531 токтомунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Башат айылындагы Б. Төлөев көчөсүндөгү №16 а идентификациялык номери 4-05-09-1003-0327 жер аянты Дүрбөлөң Мамбетов атындагы орто мектебинин муниципалдык менчиги болуп тургандыктан, ээлеп турган жер аянтына батыш тарабы Нарын-Орук-Там авто жолу менен чектеш, түштүк тарабы Таш-Башат №12 Үй-бүлөлүк Дарыгерлер Тобу (ҮДТ) идентификациялык номери 4-05-09-1003-0326 менен чектеш жерине 3 сотых жер тилкесине “Кыргыз почтасынын” Кайыңды байланыш бөлүмүнүн жаңы имаратын салууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев