3-июнь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 9-сессиясынын
№9/5 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш жана Алыш айылдарынан чыгарылган
таштандылар жөнүндө
Дөбөлү айылынын тургундарынын оозеки кайрылууларынын негизинде, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо жана санитардык талаптарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш жана Алыш айылдарынан чыгарылган таштандыларды Дөбөлү айылынын таштанды төгүүчү жайына (полигон) төгүүгө тыюу салынсын.
- Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Шеримбаевге иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев