3-июнь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 9-сессиясынын
№9/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын ар бир айылдан жер маселелери боюнча түзүлгөн комиссияны бекитип берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ар бир айылдын жер маселелери боюнча түзүлгөн комиссия өз айылынын ичиндеги маселелерди гана кароого укуктуу болору жана комиссия мүчөлөрүнүн саны 9 дан ашпоосу белгиленсин.
- Тиешелүү документтери менен иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Сапарбек уулуна тапшырылсын.
- Дөбөлү айыл аймагынын ар бир айылдан жер маселелери боюнча түзүлгөн комиссия алымча-кошумчасы менен бекитип берүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага Б. Шералиев