15-апрель 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 8-сессиясынын
№8/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы “Салкын-Төр” “Тай-Сарай” участкасынан таза суу системасына скважина жана резервуар
курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Алыш айылынын айыл башчысы М. Нуркалиевдин 2025-жылдын 15-апрелиндеги кайрылуу катынын негизинде, Алыш айылындагы “Салкын-Төр” “Тай-Сарай” участкасынан №583-709-контурунан Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жалпы 0,25 га жер тилкесине таза суу системасына скважина жана резервуар куруу боюнча Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы “Салкын-Төр” “Тай-Сарай” участкасынан №583-709-контурунан Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жалпы 0,25 га жер тилкесине таза суу системасына скважина жана резервуар курууга макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев