2025-жылдын 15-апрелиндеги Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX-чакырылышынын кезектүү 8-сессиясынын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндөгү №8/4 токтому

15-апрель  2025-жыл                                                                                                                                         Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХIX-чакырылышынын кезектүү  8-сессиясынын

    №8/4   Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык  акча каражаттарын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык  атайын акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү  айыл  аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата 360,6 миң сом калдык каражатты Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталган дөңгөлөктүү эксковатор алуу долбоорунун өздүк салымына жумшалсын.

 

  1. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү  айыл  аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  К.Кудайбергенов  милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                  Б.Шералиев

Leave a Reply