15-апрель 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 8-сессиясынын
№8/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIX-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясынын №4/4 Токтому менен бекитилген 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттан 84,0 миң сом каражатын жылдыруу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 7-февралындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХIX-чакырылышынын кезектүү 8-сессиясынын №4/4 Токтому менен бекитилген 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарынын 2215 беренесине каралган 1191,5 миң сомдон 84,0 миң сом каражатын 3112 беренесине, Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталган дөңгөлөктүү эксковатор алуу долбоорунун өздүк салымына жылдыруу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- 2025-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарынын 2215 беренесине каралган 1191,5 миң сомдон 84,0 миң сом каражатын 3112 беренесине, Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталган дөңгөлөктүү эксковатор алуу долбоорунун өздүк салымына жылдырылсын.
- Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов милдеттендирилсин.
Төрага Б.Шералиев