15-апрель 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХХIX-чакырылышынын кезектүү 8-сессиясынын
№8/1 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын 2025-жылдагы жазгы талаачылык жумуштарын өз убагында бүткөрүү жана элге кызмат көрсөткөн тракторист, малчылардын эмгек акысын жана “Ак-Бел” МИнын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш, Алыш, Дөбөлү, Кайыңды, Таш-Башат, Эки-Нарын, Тамды-Суу айылдарынын жашоочуларынын чогулушунун протоколдорунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын 03.04.2025-жылдагы №2, Алыш айылынын 03.04.2025-жылдагы №3, Дөбөлү айылынын 11.04.2025-жылдагы №7, Кайыңды айылынын 11.04.2025-жылдагы №8, Таш-Башат айылынын 10.04.2025-жылдагы №5, Эки-Нарын айылынын 10.04.2025-жылдагы №6 жана Тамды-Суу айылынын 09.04.2025-жылдагы №4 протоколдору жактырылсын.
- Жазгы айдап себүү, оруп жыюу мезгилинде механизаторлор тарабынан кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөнүүчү тарифтер төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин.
- жазгы талаачылык иштерин бүткөрүүдө трактористин соко менен айдоо эмгек акысы ДТ-75 тракторго 1 га жерге 30 литр солярка майы, эмгек акысы 2300 сом;
- дөңгөлөктү тракторго 1 га жерге 22 литр солярка майы, 1800 сом;
- тырмоого 1 га жерге 10 литр солярка майы, 1000 сом;
- сеялкага 1 га жерге 10 литр солярка майы, 1300 сом;
- шакап тартуу үчүн 4 литр солярка майы, 150 сом.
- Дөбөлү айыл аймагында жашаган калктын менчик малдарын баккан малчыларга мал ээлери тарабынан төлөнүүчү эмгек акыларынын тарифтери төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- Кой, эчки баккандарга 1 айга башына 80 сом;
- Бодо мал баккандарга 1 айга башына 350 сом;
- Кочкор текеге баккандарга 1 айга башына 300 сом;
- Эгерде мал жандыктардан ооруса ээсин чакырганда барбай коюуп өлүп калса төлөнбөйт;
- Малчылар дайынсыз жоготуп, эн тамгасын көрсөтө албаса жашына-жаш базар баасында милдеттүү төлөп берүү;
- Карышкыр жеп, эн белгисин көрсөтө албаса төлөп берет, эгер эн белгисин көрсөтө алса төлөбөйт.
- Мал баккан малчыларга ортоңку жана алыскы жайыттарга барып малдарды багып келүү үчүн жайыттарды чектеп бекитип берүү жагы “Ак-Бел” МИ на тапшырылсын.
- Малчылар жазында жана күзүндө жайлоочу жайлоосуна өз убагында көчүп кетип, күзүндө белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсүн көзөмөлгө алуу жагы “Ак-Бел” МИ жетекчиси Н. Шеримбаевге, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси Ж. Уланбек уулуна жана айыл башчылар С. Молдобаев, М. Нуркалиев, А. Осмонов, Б. Асаналиев, М. Байзаков, Э. Орозоевге милдеттендирилсин.
- Жайыт башкаруу планын аткарбаган малчыларга КР административдик укук бузуулар боюнча иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн юристти Ж. Кермакуновго жана айыл башчыларга тапшырылсын.
- Жайлоого чыга турган мал жандыктардын эмделишине көзөмөл жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнун вет адиси Ж. Бакытбек уулуна милдеттендирилсин.
- Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жайыт белетин алууда белгиленсин жана Дөбөлү айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт акыга төлөнүүчү тарифт ер төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- Майда жандык 1 башка 20 сом;
- Бодо малга 1 башка 100 сом.
- Нарын шаарынан жана бөлөк айыл аймактан келген мал жандыктар үчүн жайыт акы кой эчкиге 40 сом, бодо малга 200 сом болуп белгиленсин.
- Жайыт жерине тиешелүү болгон чабынды жерлерди калктын пайдалануусуна 2 гектардан келишимдин негизинде бөлүнүп берилсин.
- Дөбөлү айыл аймагы боюнча чабынды жерлердин акысы 1 гектарга 1500 сом деп бекитилсин.
- Эки-Нарын айылындагы чабынды жерлердин келишими 1 жылга узартылып берилсин.
- Жайыт жерлерине тосмо тосуп алгандардын тосмолору алдырылсын.
- Корукту баштоо боюнча жооптуу адамдар дайындалып, Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш, Алыш, Дөбөлү айылдарында 18-апрелинен, ал эми Кайыңды, Таш-Башат, Эки-Нарын, Тамды-Суу айылдарында 25-апрелинен баштап 1-октябрына чейин корук деп белгиленсин.
- Июнь, июль айларында малчылар менен бирдикте мал санак жүргүзүлсүн.
- Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” МИнын тарифтер төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- Таштанды чыгаруу 1 айда 2 жолу айылдарды кыдыруу менен иш алып барылат (кыш мезгилинде 4 ай декабрь, январь, февраль, март 1 жолудан чыгарылат);
- Таштанды чыгаргандыгы үчүн абоненттер айына 100 сом;
- Таштандыны көргөзүлгөн жайга төгүлбөсө, айыл ичин булганычка алып келген тургундарга чара көрүү.
- Карьерлер боюнча инерттик материалдарды сатуу, элге кызмат кылууга тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- Кум 250 сом;
- Шагыл 250 сом;
- Топо 200 сом;
- 1 боз үйгө 3000 сом;
- 1 беседкага 3000 сом;
- Келишим 1 жылга түзүлөт жана субарендага берилбейт.
- 2022-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №713 токтому менен жогоруда көрсөтүлгөн ар бир тармак боюнча иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси Ж. Уланбек уулуна жана “Ак-Бел” МИ жетекчиси Н. Шеримбаевге тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага Б. Шералиев