14-январь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясынын
№3/4 Токтому
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин” 379, 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгын эсептөө жайларга салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгын эсептөө жайларга салыктын ставкаларын бекитүү жергиликтүү кеңештерге милдеттендирилгендиктен Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 27-декабрындагы №24-2-12/13827 кыты боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгын эсептөө жайларга салыктын ставкалары төмөндөгү таблицага ылайык 0,2 ставка менен бекитилсин.
Дубал материалы | Кызмат мөөнөтү | Салыктын негизги наркы, сом |
Кирпич, жыгач, курама же монолит-бетон жана темир-бетон, бетон блоктору | 5 жылга чейин | 13 |
5-15 жыл | 12 | |
15-30 жыл | 11 | |
30-45 жыл | 10 | |
45 жылдан жогору | 8 | |
Чийки чопо (саман, гуваляк, сокмо) шлакоблок, полистирол курулуш блок | 5 жылга чейин | 8 |
5-15 жыл | 8 | |
15-30 жыл | 7 | |
30-45 жыл | 5 | |
45 жылдан жогору | 4 | |
Металл | Кызмат кылуу мөөнөтүнө карабастан | 8 |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | Кызмат кылуу мөөнөтүнө карабастан | 7 |
Орточо БНС | 8,41 |
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлүнө алуу жана тиешелүү эсептерди жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн киреше боюнча кызматкери Н. Омүрзаковага тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев