14-январь 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясынын
№3/3 Токтому
Дөбөлү айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ставкасын бекитүү жөнүндө Дөбөлү айыл өкмөтүнүн киреше боюнча кызматкери Н. Омүрзакованын баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйымын, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74 жана 75 беренелерине ылайык, Дөбөлү айыл аймагы боюнча тазалыкты ташып чыгаруу боюнча таштанды ставкасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Айыл аймагындагы юридикалык жактарды түзгөн мекеме-ишканалар, айыл аймакта жайгашкан соода түйүндөрүнө, кызмат көрсөтүүчү жайларга (мончо, чач-тарач, дүкөн, унааларды тейлөө пунктар ж.б.) бир жылга ар бир чарчы метрине 1 сомдон бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев