12-март 2025-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХIX-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясынын
№6/2 Токтому
Дөбөлү айыл аймагынын айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлери үрөөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине, артыкчылыктуу иш жүргүзүп жаткан айыл чарба субьекттерине ижарага берүү көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №309 токтом Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өркүндөтү жөнүндө токтомуна жана Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2025-жылдын 28-февралындагы №01-15/107 катына ылайык Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Сапарбек уулунун баяндамасын угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөбөлү айыл аймагынын айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлери үрөөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине, артыкчылыктуу иш жүргүзүп жаткан айыл чарба субьекттери Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлгөн 50% мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысын ар бир контур боюнча формулага ылайык көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй бекитилип берилсин.
Сугат айдоо үчүн бирдей коэффицент
- 30-иш жүзүндө сугат жер: 98*30=2940 сом.
- 20-сугарууга кыйынчылык жараткан жер: 98*20=1960 сом.
- 10-сугат суунун жоктугу: 98*10=980 сом.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага Б. Шералиев