20-ноябрь 2023-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясынын №9/1 Токтому Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

20-ноябрь  2023-жыл                                                                                                                                                                                        Дөбөлү  айылы

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясынын

    №9/1 Токтому

 

Дөбөлү  айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагынын 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын жарандардын катышуусундагы талкуулоо боюнча 2023-жылдын 20-ноябрында өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгын эске алып,   Дөбөлү айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII  чакырылышынын   9-кезексиз сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 токтому жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 Жарлыгынын алкагында аймактык территориалдык реформа (АТР) ишке ашырылып, жаңы Дөбөлү айыл өкмөтү түзүлүп “Стратегиялык өнүгүү планы” 2024-2028-жылдарга 2023-жылдын 20-ноябрындагы өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгында Дөбөлү айыл аймагынын жарандарынын катышуусунда талкуу боюнча 2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планы толуктоо катары киргизилсин.

 

  1. Дөбөлү айыл аймагынын  2024-2028-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планындагы коюлган иш чараларды аткаруу жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго  жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы  Ж. Касымова  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                            К. Субанбеков

Leave a Reply