16-июнь 2023-жыл Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын 2/6 Токтому Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылы кошумча акча каражатынан бөлүү жөнүндө

16-июнь 2023-жыл                                                                                                                       Дөбөлү  айылы

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин

ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын

 2/6 Токтому

Дөбөлү айыл   аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылы кошумча акча

каражатынан бөлүү жөнүндө

 

                       Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде акча карааттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

  1. КР Министирлер кабинентинин 26-декабрь 2022-жылдагы №713 токтомуна ылайык Дөбөлү айыл өкмөтүндө “Ак-Бел” муниципалдык ишканасы ачылгандыктан 14238900 “Кызмат көрсөтүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акыга” 2023-жылга кошумча акча каражатынын көлөмү 2290,0 миң сомго бекитилсин.
  2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын кошумча акча каражатын 2290,0 сомго төмөндөгүдөй статьяларга жумшалсын.

 

Статья Мазмуну Сумма
1 2215 Башка тейлөө кызматтары 2290,0
Баары 2290,0
  1. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
  2. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.dobolu.nагуn-region.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Усуповго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                                                    К. Субанбеков

Leave a Reply