01.08.2024-жыл Дөбөлү айылы
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кещешинин ХХVIII-чакырылышынын
23- сессиясынын 23/5 токтому
Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка)
киргизүү жɵнүндɵ
Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагы боюнча, Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо тартибин бекитүү тууралуу” №154-НИ буйругунун жана “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо материалдарын корректировкалоо жөнүндө Көрсөтмөнүн негизинде, Дөбөлү айыл аймагынын 27.07.2023-жылдагы №82-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун, Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн карап чыгып, жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңеши төмөнкүдɵй чечим кабыл алды:
- Дөбөлү айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөр кабыл алынсын.
- Дөбөлү айылдык кеңешинин төрагасына жана Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Дөбөлү айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна сунуштоо тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Дɵбɵлү айыл ɵкмɵтүнɵ тапшырылсын.
Тɵрага: К.Субанбеков